Грек-рим күрөшү: Калы Сулайманов жеңил салмакта өлкө чемпиону болду

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп жаткан Кыргызстандын чемпионаты аяктады. Кечээ грек-рим күрөшүндө олимпиадалык салмактар боюнча чемпиондор аныкталып, Кыргызстандын курама командасы түптөлдү.

Эң кызыктуу деп саналган 60 кг салмак категориясында жаракатына байланыштуу бир жылдан ашык ири турнирлерге чыкпай келген Калы Сулайманов өзүнүн мыктылыгын далилдеди. Ал финалда белгилүү жаш балбан Жоламан Шаршенбеков менен күрөшүп, 5:3 эсебинде жеңип чыкты.

Ал эми 67 кг салмак категориясында да жаңы чемпион болуп Марлен Асикеев аталды. Ал финалда Халмурат Ибрагимовду упайлардагы артыкчылык менен утуп кетти.

Дагы бир белгилүү балбан Акжол Махмудов 77 кг салмак категориясында жаракатына байланыштуу күрөшкөн жок. Бул салмакта Кайрат Түгөлбаев биринчи болду.

Ал эми 87 кг салмак категориясында Азат Салидинов, 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жана Ким Роман 130 кг салмакта чемпион болушту. Биринчи орун алгандар Кыргызстандын курама командасын түптөп, 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимп оюндарына катышуу үчүн лицензиялык турнирлерге барып, өлкөнүн намысын коргошот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика