Төрөбаев: чек ара боюнча өкмөт парламентке даярданып келсин

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев чек ара боюнча өкмөт чабал иштеп жатканын айтып, аны сынга алды. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында билдирди. Депутат 2019-жылы Жогорку Кеңеш чек ара маселесин бир нече жолу талкуулаганы менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады.

– Кийинки жумада чек ара маселесин дагы талкуулайбыз. Баягы эле сөз, эч нерсе чечилбейт. Өкмөт так план, стратегия менен келип Баткенге канча акча бөлүнгөнүн айтышы керек. Коалицияны уят кылып, президентти артка тартып жатасыңар. Ошондуктан элге канча ссуда берилет, канча камера коюлат, канча каражат бөлүнөт жана чек арада канча элдик кошуун иштейт – так маалымат менен келиш керек. Болбосо «сүйлөшүү жүрүп жатат» деп эле эч жыйынтык чыкпайт, – деди Төрөбаев.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of