АКШнын Багдаддагы элчилиги ракеталык аткылоого кабылды

АКШнын Багдаддагы элчилиги ракеталык аткылоого кабылды. Коопсуздук деңгээли жогору болгон «жашыл аймакта» жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына үч снаряд түшкөнү кабарланууда.

Маалыматтарга караганда, снаряддардын бирөөсү элчиликтин ресторанына тийген.

AFP агенттиги жалпысынан беш ракета кое берилип, андан бир адам жабыркаганын билдирүүдө. Reuters агенттиги кеминде үч адам жаракат алганын кабарлады.

CNN телеканалы элчиликтин аты-жөнүн билдирбеген кызматкерине шилтеме кылып, дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына олуттуу зыян келтирилгенин маалымдады.

Мамлекеттик департамент Ирак бийлигин «дипломатиялык объектилерди коргоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Ирактын өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Адил Абдул Махди элчиликтин аткыланышын айыптап, аны «агрессия» деп атады.

Азырынча бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Аймакта абал январдын башында АКШнын ракеталык соккусунан Ирандын жогорку даражадагы генералы Касем Сулеймани каза болгондон кийин курчуп кеткен. Тегеран анда Вашингтонго катаал жооп кайтарарын эскерткен.

12-январда Иран америкалык аскерлер жайгашкан Ирактагы Балад авиабазасына ракеталык чабуул жасап, жыйынтыгында төрт ирак жоокери жаракат алган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of