Таш-Көмүр ШИИБи «Мыкты ички иштер бөлүмү» деп табылды

Жыл жыйынтыгы менен эски жылда кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алдын алууда, коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүүдө жогорку деп саналган Таш-Көмүр ШИИБи «Мыкты ички иштер бөлүмү» деп табылып, I даражадагы диплом жана өтмө тууга татыктуу болду. Ал эми 2-орун Сузак РИИБне, 3-орун Базар-Коргон РИИБне ыйгарылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлыктарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов сөз сүйлөп, сыйлык алгандарды жаңы жылдын жыйынтыгы менен дагы жогорку көрсөткүчтөргө ээ болушун айтып, алардын иштерине жана өздүк курамына ийгиликтерди каалады.

Эске салсак 2019-жылы Таш-Көмүр ШИИБнин имараты жергиликтүү бийлик жана жеке ишкерлердин колдоосу менен толук капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Ошондой эле атуулдарды кабыл алуучу жайы заман талабына ылайык болуп ишке киргизилген. Мындан сырткары 2019-жылдын декабрь айында жеке ишкердин демилгеси менен ШИИБге үч даана автоунаа тапшырылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of