Жаңы төрөлгөн ымыркайын кир жуугучка салып өлтүргөн эне ооруканага жаткырылды. Окуянын чоо-жайы

Орусиянын Свердлов облусунун Талица шаарынын 31 жаштагы жашоочусу өткөн жумада жаңы төрөгөн кызын кир жуугучка салып өлтүргөнү маалымдалып, дүйнөнүн үрөйүн учурган. Бул тууралуу чет элдик ММКлар кабарлап, шектүү катары кармалган эненин психикалык ооруканага жаткырылганын жазышууда.

Козгонгон кылмыш ишинин негизинде ымыркайдын сөөгүнө экспертизи дайындалып, энесинин акыл-эси жайында экендиги текшерилмекчи.

Маалыматка караганда, сурак учурунда факты боюнча шектүү ымыркайдын өлүк төрөлгөнүнөн башка эч кандай комментарий бербегени айтылат.

Ошондой эле шектүүнүн андан тышкары 3 баласы бар экени белгилүү болуп, тааныштары аларды үлгүлүү үй-бүлөө катары сыпатташты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of