Аскер кызматкери сүйүктүүсүнүн колун 16 танктын курчоосунда сурады (Видео)

Орусиянын Таманская дивизиясынын командири сүйлөшкөн кызынын колун 16 танктын курчоосунда сурады. Жагымдуу маанайды чагылдырган видеону Орусиянын “Звезда” телеканалы жарыялады.

Кадрдан танктардын жүрөкчө формасында тизилип турганын жана анын ортосуна жигит чыгып кыздын колун тизе бүгүп сураганын көрүүгө болот. Кыз жигиттин сунушуна макул болуп, бул жагымдуу көз ирмем күтүүсүз болгонун төмөнкүчө билдирген.

“Мен эмне болуп жатканын азыркыга чейин түшүнбөй турам жана бул мен үчүн күтүүсүз болду”, – деген ал.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of