Майрам Акаева: “Боорума бек кучактап, муун-жүнүм бошоп, колдорун тыбырчылатып…”

– Айдар төрөлгөн чакта докторантурасын аяктаган атакебиз кайрадан республикага барып иштөөгө мажбур эле. Адегенде аны менен чогуу кетели дегенбиз ,бирок Фрунзеде үйүбүз жок болгондуктан кайда баш калкалап, кайда жашаарыбыз белгисиз эле. Эки балабыз менен квартира жалдап туруу оңой эмес. Анын үстүнө илимий иштердин келечеги кандай болору да белгисиз. Ошентип, Ленинградда эки балам менен калдым. Бермет жаңы төрткө толуп, Айдар 6 айлык эле. Эртең менен кызымды бала бакчага жеткирем, Айдарым керебетинде уктаган бойдон калат.
Кайра үйгө жүгүрүп жеткиче, башыма эчен ойлор келет. Эшикти ачарым менен уулум жаткан керебетке учуп жетем, уктап жатса жакшы, ыйлап калганын көрсөм, боорума бек кучактап, өзүмдүн да муун-жүнүм бошоп, көз жашымды төккөн күндөр көп болду. Бирок уулум быйтыйган колдорун тыбырчылатып, мага талпынса, ууз жытын искеп, чечекейим чеч болуп өз тилибизде кужурашып калабыз. Ошол замат бүт кыйынчылык ойдон чыгып, күн да жарык тийгендей сезилет. Эне-баланын ошентип эзилишкени экөөнүн ортосундагы жакындыкты өмүрлүккө бекемдеп коет экен.
Айдар боорукер, кичи пейил өсүп, адамдарга өтө ызааттуу мамиле жасай турганын энеси катары жүрөгүм менен түшүнөм.

Майрам Акаеванын эскерүүсүнөн үзүндү…

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of