Ширин Айтматова президенттин кабыл алуусун суранды

26-январда президенттин аппаратынын өкүлү «Үмүт 2020» саясий кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушкан. Анда Ширин Айтматова президент менен жолугушуу уюштурууну суранган. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыймылдын мүчөсү Нурсултан Акылбек маалымдады. Бирок ал президенттин аппаратынан келген өкүлдүн аты-жөнүн ачык айткан жок. Жолугушуу «Үмүт 2020» саясий кыймылынын кеңсесинде болгон.

«Ууруларга каршы күрөш тандоо жолу менен кетип жатат. Чыныгы күрөштү башташ керек. Сөз эркиндигине, кыймылдын мүчөлөрүнө кысымды токтотуу керек экенин айтканбыз. Баарын жазып алып кетти. Азыркыга чейин жооп боло элек. Айтматова президент менен жолугуп, чыныгы абалды айтып берүүнү каалаганы айткан», – деди ал.

18-январда «Үмүт 2020» кыймылынын өкүлү Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жиберип, кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын айтып чыккан.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of