Юлдуз Усманова балалуу аялды концертинен кууп чыкты (Видео)

Өзбекстандын Эл артисти Юлдуз Усмонова баласы ыйлап жаткан аялды концерттен кууп чыкты. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, жогорудагы окуя Юлдуз Усмонованын кызы Нилуфар Усмонованын жаңы альбомунун бет ачары өтүп жатканда болгон.

“Балаңызды алыңыз дагы чыгып кетиңиз. Кыжырыма тийип жатасыз. Чыгып кетиңиз!”, – деп залда отурган аялга кыйкырган.

Ырчынын бул кылыгы социалдык тармактарда талкуу жаратты. Бири “кайрадан жылдыз оорусу менен ооруп баштаган го” десе, айрымдары “Мындай ата-энелерден улам концертке дагы бара албай калдык” деген эки тараптуу пикирлер жаралган.

Булак: Барс Медиа

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of