Анжиян окуясы: Өкмөттүк күчтөр жашоочуларга ок чыгарганбы?

Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары Светлана Артикова 2005-жылдын 12-майында өкмөттүк аскерлер Анжияндын жашоочуларына ок атканын моюнуна алды. «Qalampir.uz» басылмасынын кабарчысы менен болгон маекте Артикова карапайым тургундарга ок атууга жооптуу болгон айрым чиновниктер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.

«Айрымдары жазасын өтөп, кадимки жашоочуна кайтып келишкен», – деди Светлана Артикова. Бүгүнкү күнгө чейин Анжияндын тургундары өкмөт тарабынан эмес, куралгандан аскерлер тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалып келген.

Светлана Артикова эмне үчүн Анжияндагы окуя боюнча мурун ачык айтылган эмес деген журналисттин суроосуна: «Ал убакта Өзбекстан жабык болчу. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешүү абдан кыйын болгон. Азыр жаңы Өзбекстан, жаңы саясат. Азыр жаңы саясий эркиндик бар», – деди башкы прокурдун орун басары.

Ошондой эле Артикова эмнеге эл аралык журналисттер өлкөдөн чыгарылган деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. Өзбекстандын өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча Анжиян окуясында 187 адам каза болгон. Бирок көп күбөлөр 2005-жылы 13-майда Анжиянда миңдеген адам каза болгонун айтышкан.

Светлана Артикова Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары болуп 2019-жылдын ноябрь айында дайындалган.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of