Бажы кызматы аткезчилик жол менен ташылып келинген 2 754 000 сом болгон оргтехника кармашты

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен областындагы Жаштык айылында “Х.Н.Ш” аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн  транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 754 000 сомдук төмөнкү оргтехникалар жана эл керектөөчү товарлар табылган.

  1. “ACER” маркасындагы ноутбук – 90 штук;
  2. “Lenovo” маркасындагы ноутбук – 8 штук,;
  3. “HP” маркасындагы ноутбук – 20 штук;
  4. Баш кийим – “AMERICANSTYLE AFNY” маркасындагы баш кийим – 1 000 штук.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of