Коронавирус жуктуруп алганын жашыргандар өлүм жазасына тартылат, оорулуулар саны 71 331ден ашты

Кытайда COVID-2019 коронавирусун жуктуруп алганын жашыргандарды, бейтаптын абалы тууралуу туура эмес маалымат тараткандарды өлүм жазасына тартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу “Известия” жазды.

Сот, мындан тышкары, саякаттап келгенин да ачыктабай койгон аракеттерди кылмыш деп эсептемей болду. Ооруп, аны башкаларга жуктуруп жайылткан бейтап эми коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан адам катары таанылып, кеминде 10 жылга кесилгенден тарта өмүр бою эркинен ажыратылат. Андан сырткары, өлүм жазасы да каралган.

Мындан улам Кытайда учак, поезд жана автобус менен жүрүүгө тыюу салынды. Эпидемия пайда болгон аймактан келгендер эки жума карантинде болушу шарт. Андан баш тарткандар да жазаланмакчы.

Акыркы маалыматтарга караганда, COVID-2019 вирусун жуктургандардын саны — 71 331 миң. Анын ичинен 10 972 киши сакайып, 1 775 көз жумду.

 

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of