Мугалимди директорго «сүйрөп» барган окуучунун апасына 30 миң сом айып салынды

Бишкектин Ленин райондук соту №95 мектеп-гимназияда сабак өтүп жаткан мугалимди класстан күч менен чыгарып, директордун кабинетине алып кирген аялга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы 17-декабрда окуучунун апасы А.Ш. менен мугалимдин ортосунда жаңжал чыккан. Мугалим милицияга арыз менен кайрылып, бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошондой эле Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлиги мектепте болгон окуяны иликтөө боюнча комиссия түзгөн.

Ленин райондук соту 14-февралда А.Ш.ны Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 30 миң сом айып салды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of