Түндө Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 18-февралга караган түнү саат он экиде Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, анын очогундагы күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Кажы-Сайдан түштүк-батышка 7 чакырымда, Бөкөнбаев айылынан түштүк-чыгышка 13 чакырымда, Каракол шаарынан түштүк-батышка 110 чакырымда жайгашты. Анын күчү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тоң айылдарында 4 баллга, Ак-Сай, Төрт-Күл, Тосор, Эшперов, Тогуз-Булак, Кек-Сай, Тамга, Темир-Канат айылдарында 3 баллга, Кызыл-Туу, Кара-Коо, Барскоон айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of