Магнитогорсктогу жарылуудан кийин камалган мигрант кыйноого кабылганын билдирди

Орусиянын Магнитогорск шаарында теракт жасоо шеги менен былтыр январда кармалган кыргызстандык өзбек он күн мурун абактан чыкты.

30 жаштагы Хусниддин Зайнабидинов ФСБ абагында 7 ай жана депортациялык лагерде 6 ай отурган. Кылмыш жасаганы тууралуу далилдердин жоктугуна байланыштуу бошотулган мигрант ФСБ кызматкерлери аны электр тогу менен кыйнаганын, мурдун, кабыргаларын сындырышканын билдирди.

Магнитогорск шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо жайынан 10-февралда бошонуп чыккан Хусниддин Зайнабидинов Москвага келип, укугун коргоо үчүн күрөшө турганын айтты.

“Мени ушунчалык кыйнашты, сөөгүмдүн баарын талкалашты. Силер мени көрсөңөр, коркуп кетмексиңер. Орусияда кандайдыр бир мыйзам иштеши керекпи? Мен Москвага адилеттүүлүк издеп келдим. Ал кызматкерлердин жоопкерчиликке тартылышын каалайм. Керек болсо Европа сотуна чейин барам”, – деди Зайнабидинов.

1990-жылы Жалал-Абадда туулган Хуснидин Зайнабидинов 2010-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн.

Магнитогорск шаарында 2018-жылы 31-декабрда 10 кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон. Бул окуялар үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алып, бирок Орусия муну четке каккан.

Бул окуялардан кийин Магнитогорск шаарында борбор азиялык мигранттарды текшерүү күчөп, айрымдары камакка алынып, зомбулукка кабылганы маалымдалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of