Москвада поезд 24 жаштагы кыргыз жаранын сүзүп кетти

Подмосковьеде жүргүнчү ташыган поезд Кыргыз жаранын сүзүп кетти. Кырсык 20-февралда орун алгандыгын орус басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, саат 18:00 чамасында орун алган. Анда Адлер – Москва багытындагы поезд 24 жаштагы Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Жабырлануучу аймактагы медициналык жайга жеткирилген. Бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of