Орусия шайлоодо Трампка жардам берүүгө аракет жасоодо

Американын чалгын кызматтарынын өкүлдөрү мыйзам чыгаруучуларга Орусия Дональд Трамптын кайра президенттике шайланышы үчүн АКШнын шайлоо компаниясына кийлигишип жатканын эскертти.

Бул тууралуу New York Times жеке булактарына таянуу менен билдирди. Гезиттин маалыматына караганда, Улуттук чалгын кызматында шайлоолордун коопсуздугу үчүн жооптуу Шелби Пирсондун баяндамасы президент Дональд Трамптын нааразылыгын жараткан. Ал бул маалыматтар демократ атаандаштары тарабынан ага каршы колдонулушу мүмкүн экенине тынчсызданган.

Америкалык чалгын кызматынын маалыматына караганда, бул сапар Орусия Демократиялык партиянын баштапкы шайлоо айлампасында эле киберчабуулдарын баштады. Операция тууралуу кеңири сөз болгон жок, бирок орусиялык хакерлер мурдагыдан кылдат аракет жасап жатканы айтылууда.

Бейшембиде Трамп улуттук чалгын директорунун милдетин аткаруучу кылып Ричард Гренеллди дайындаганы белгилүү болгон. Ал буга чейин АКШнын Германиядагы элчиси кызматын аркалаган, чалгын ишинде тажырыйбасы жок. Бирок буга чейинки билдирүүлөрү менен Трампты жактай турганын ырастаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of