Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-ордунду сактап калды (тизме)

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш биримдигинин рейтингинде биринчи ордунду сактап калды.

Жаңы рейтинг 6-9-мартта Канадада өткөн Панамерикалык чемпионаттын жыйынтыгы менен түзүлгөн. Аталган мелдешти Маллори Велте уткан. Ал жеңиши үчүн 18 упай алып, 10-орунга чыкты.

Айсулуу Тыныбекова 90 упай менен өзүнүн биринчи ордун сактап калган. 15-21-июнда Польшада Олимпиада оюндарынын алдындагы жыйынтыктоочу рейтингдик турнир өтөт.

Учурда балбан кыздардын рейтинги:
1. Айсулуу Тыныбекова — 90
2. Тайбе Мустафа Юсейн (Болгария) — 56
3. Юлия Ткачук Остапчук (Украина) — 50
4. Юкако Каваи (Япония) — 43
5. Кайла Коллин Миракл (США) — 26
5. Мариана Чердивара (Молдова) — 26
7. Хенна Катарина Йоханссон (Швеция) — 25
8. Марианна Састин (Венгрия) — 20
8. Йонг Сим Рим (КНДР) — 20
10. Марва Амри (Тунис) — 18
10. Маллори Велте (США) — 18
10. Инна Тражукова (Россия) — 18
13. Аминат Адении (Нигерия) — 16
13. Иаис Нунес (Бразилия) — 16
13. Айалым Кассымова (Казахстан) — 16
13. Татьяна Омельченко (Азербайджан) — 16
17. Криста Тунде Инце (Румыния) — 14
17. Берте Эмилиенн Этан Нголле (Камерун) — 14
17. Вероника Иванова (Беларусь) — 14
17. Любовь Овчарова (Россия) — 14
17. Номин Эрдене Пурвее (Монголия) — 14
17. Жессика Лиз Бруилетт (Канада) — 14
23. Натали Жозефина Гриман Херрера (Венесуэла) — 13
23. Виссал Эль Гнауи (Марокко) — 13
25. Йессиса Кориама Овьедо Перез (Доминикана) — 12
25. Жиа Лонг (Китай) — 12
25. Амина Камал Элсебае Ибрахим (Египет) — 12
25. Ти Му Ханх Нгуен (Вьетнам) — 12
25. Сонам (Индия) — 12

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика