Президент Жээнбеков ЖРТда жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө «алтын сертификаттарды» тапшырды

«Өлкөбүздүн жаркын келечегин билимдүү, илимдүү, мекенчил жаштар менен байланыштырабыз», – деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков 28-июлда 2020-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттарды» тапшыруу аземинде.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктаганы жана «алтын сертификатка» ээ болушу менен куттуктады. Бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи.

«Бүгүн силер аркылуу өлкөбүздүн бардык бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка аттануусу менен куттуктайм. Силердин турмуш жолуңар шыдыр болсо экен деп тилейм. Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз», – деди президент.

С.Жээнбеков азыркы заманда мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаратылыш байлыгы, элинин саны эмес, калкынын билим деңгээли чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.

«Ошондуктан коомдун интеллектуалдык потенциалын биздин өнүгүүбүздүн негизги ресурсу катары баалайбыз. Биз бул жолду азыр гана тандап алган жокпуз, коомубуздун тарыхы, ата-бабаларыбыздын баскан жолу ушундай болгон. Биз материалдык байлыкты эмес, руханий байлыкты бийик тутуп, сактап, муундан муунга өткөрүп келген элбиз. Силер сындуу алдыңкы жаштарыбыз ушул жолду улантат», – деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы өлкөнү илим-билим аркылуу алга сүрөгөн азаматтар аз эмес экенине ишенерин билдирди.

«Учурдагы этап — биздин өлкөбүздүн өнүгүү тарыхындагы зарыл өзгөрүүлөрдүн мезгили. Анткени биз гана эмес, жалпы адамзат өнүгүүнүн жаңы жолдорун издөөгө муктаж болуп турат. Дүйнөлүк экономиканын мурунку технологиялык базанын негизинде өнүгүү мүмкүнчүлүгү аяктады. Азыр билимге негизделген экономиканын, жаңы технологияларга таянган коомдун мезгили келди», – деди президент.

Ал азыркы дүйнөдө жүрүп жаткан тенденцияларды туура баамдап, аларга жигердүү катышуу менен гана Кыргызстан социалдык жана экономикалык ийгиликтерге жетишерин белгиледи.

С.Жээнбеков билим сапатын жогорулатуу өлкөнүн стратегиялык багыты болуп саналарын, ал эми сапаттуу билим алуу мүмкүндүгүн алыскы айылдарга да жеткирүү элеттик жаштар үчүн келечекке кеңири жол ачарын баса белгиледи.

«Буга быйыл республика боюнча эң жогорку упай алган бүтүрүүчүбүз Нурбек кызы Акмарал — алыскы Алай районундагы мектептин окуучусу экени мисал. Биз өлкөбүздүн кайсы жеринде жашаганына карабай, ар бир өспүрүмдүн талантын ачууга жетишүүбүз керек. Ошол үчүн элет жериндеги мектептерди интернет жана башка окуу технологиялары менен камсыздоого өзгөчө көңүл буруп жатам», – деди мамлекет башчысы.

С.Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди багынтууну каалады.

«Келечекте силер сындуу намыстуу жаштарга өлкөбүздүн тагдырын өткөрүп беребиз. Мамлекетибиздин тагдыры ишенимдүү колго өтөт деп биз силерге ишенебиз. Алдыга койгон максатыңар ишке ашып, аруу тилегиңер орундалсын! Жараткан Кудай жолуңарды ачып, эң жогорку ийгиликтердин ээси болгула», – деп сөзүн жыйынтыктады президент.

2020-жылы өлкө боюнча 67 бүтүрүүчү «алтын сертификатка» татыктуу болду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика