Таланттуу рэп аткаруучу Тимати «Блэк Стардан” кетти

Таланттуу рэп аткаруучу Тимати «Блэк Стардан” кетти. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» которду.

Россиялык рэп аткаруучу Тимати (Тимур Юнусов)  «Black Star” бренди менен тыгыз иштешип, эми ал өз алдынча иштей турганын айтты.

«Биздин балдар (Black Star) өз ишинде “Гугл”, “Верджин” же “Амазон” болгусу келсе, мага Илон Масктын концепциясы жакын, эгерде силер мени түшүнсөңөр”, – деп жазган Тимати.

Эскерте кетсек, “Блэк Стардан” аркасынан Тимати, Мот, Джиган, Кристина Си, MC Doni, Егор Крид, Миша Марвин жана L`one сыяктуу таланттуу жаштардын атагы чыккан.

“Менин өз алдынча алдыга койгон пландарым көп. Силердин суроолоруңарга күзүндө чыга турган жаңы альбомум жооп берет”, – деп кошумчалады Тимати.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика