Акыркы суткада Казакстанда 1472, Тажикстанда 44, Өзбекстанда 692 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда дагы 1472 адамдан коронавирус аныкталды

Акыркы сутка ичинде Казакстанда коронавирус инфекциясынын 1472 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Антивирус оперативдүү штабынын сайтында маалымдалды.

Жаңы учурлардын ичинен клиникалык көрүнүштөр жоктор — 828, симптоматикалык алып жүрүүчүлөр — 644.

Аймак боюнча (жалпы/асимптоматикалык):

  • Нур-Султан шаары — 226/104
  • Алматы ш. — 208/107
  • Шымкент ш. — 55/34

COVID-19: Тажикстанда акыркы суткада 44 жаңы учур аныкталды

Тажикстанда акыркы сутка ичинде коронавирустук инфекциянын 44 учуру аныкталды.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде 96 адам оору жуктуруп алууга шектелип, медициналык көзөмөлгө алынса, 38 адам айыгып чыккан.

30-апрелден 29-июлга чейинки мезгилде өлкөдө 6103 адам же COVID-19 менен ооругандардын 83,3% коронавирустан айыккан.

Ошондой эле, илдет илештиргендердин жалпы саны 7 миң 320 адамга жетти. 60 адам көз жумду.


Өзбекстан: Акыркы суткада 692 адамдан коронавирус аныкталды

Өзбекстанда акыркы суткада 692 адамда коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри кабарлады.

Ошондой эле акыркы суткада Ташкентте 4 адам, Сырдарыя облусунда бир бейтап илдеттин кесепетинен көз жумган.

Өзбекстанда жалпы 22 585 учур катталып, алардын ичинен 12 937 адам айыгып чыкты.

Өзбекстанда карантиндик чектөөлөр 15-августка чейин узартылган. Бул аралыкта өлкөдө массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короолордо үчтөн ашык чогулбоого жана сөзсүз түрдө беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле жашы 65тен өткөн адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталат.

Мындан тышкары, 15-августка чейин коомдук транспорттун, кийим-кече саткан базарлардын, ири дүкөндөрдүн, парктардын, фитнес-клубдардын, бессейндердин, чач тарачтардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, окуу борборлорунун жана эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларга тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берүү шарты менен гана иштөөгө уруксат берилет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика