4-августка чейин Кыргызстандын аймактарында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында 4-августка чейин күтүлүп жаткан аба ырайынын болжолу тууралуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустары

1-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо катуу жаан жаайт.

2-августта Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан жаашы мүмкүн.

3-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт.

4-августта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Бишкек шаары

1-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

2-августта жана 3-августта түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн.

3-августта күндүз жана 4-августта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда 14 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

1-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, кээ бир райондордо катуу жаан жаашы мүмкүн.

2-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

1-3-август күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт.

1-августта күндүз жана 2-августта кээ бир райондордо катуу жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарлары

1-3-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-августта түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми күндүз жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Нарын облусу

1-2-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-августта күндүз жана 2-августта кээ бир райондордо катуу жаан жаашы мүмкүн.

3-4-август күндөрү кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.