Кыргызстанда коронавирустан дагы 14 киши көз жумду

Акыркы суткада коронавирустан 14 адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:

  • Бишкек шаары — 2;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу — 3;
  • Ош облусу — 2;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Баткен облусу — 1.

Талас менен Жалал-Абадда адам өлүмү катталган жок.

Пандемиядан бери өлкөдө коронавирустун кесепетинен көз жумган адамдардын саны 1 378ге жетти.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика