COVID-19: Бир суткада 494 учур катталды

Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 112 адам;

– Ош шаарында 66 адам;

– Чүй облусунда 33 адам;

– Ош облусунда 95 адам;

– Ысык-Көл облусунда 94 адам;

– Жалал-Абад облусунда 53 адам;

– Баткен облусунда 23 адам;

– Талас облусунда 2 адам;

– Нарын облусунда 16 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 36 миң 299 бейтап катталды.