COVID-19: Дагы 22 медицина кызматкерине коронавирус жукту

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде дагы 22 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бүгүн, 1-августка карата эпидемиологиялык абал боюнча коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берди.

Жаңы катталгандар:

– Бишкек шаарында – 1;

– Ош шаарында – 4;

– Ош облусунда – 9;

– Ысык-Көл облусунда – 5;

– Жалал-Абад облусунда – 3.

Бир суткада 3 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыккан. Мындан тышкары үй карантиндеги 49 медик айыкты.

Кыргызстан боюнча COVID-19 диагнозу жалпы 2790 медицина кызматкеринен аныкталды. Алардын ичинен 1766 адам айыккан.