Жээнбеков: “Оору токтоду деп карантинди алып салган өлкөлөрдө бул илдет кайрадан башталып жатат”

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коронавирус боюнча абал турукташа баштады деп айтуу эрте экенин билдирди. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбековдун Биринчи радиого маек курганы айтылат.

“Бүгүнкү кырдаалды адистер “абал турукташа баштады, ооруканаларга, стационарларга кайрылгандардын саны азаюуда” деп маалымат берип жатышат. Бул, албетте, жакшы жышаан. Бирок мындай шашма баа берүүгө дагы эрте. Эмне үчүн дегенде, өзүңүздөр деле окуп-көрүп жатасыздар. Дүйнөдөгү абал да бир кылка калыпка келе элек. Оору токтоду деп карантинди алып салган өлкөлөрдө бул илдет кайрадан башталып жатат”, — деген мамлекет жетекчиси.

Президент ошол себептен кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, ар ким өзүн жана жакынын коргоосу зарыл болуп турганын белгилеген.

Ошондой эле дары-дармек менен камсыздоо, ооруканаларды кышка даярдоо жана жаңысын куруу, эскилерин жаңы талапка ылайык өзгөртүү иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика