Сасык тумоого каршы эмдөө сентябрда башталат

Кыргызстанда сасык тумоого каршы кезектеги эмдөө иштери башталат. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирген маалымат боюнча, эмдөө сентябрь айынын аягында башталат.

Алгачкы кезек 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдарга, өнөкөт оорулары барларга жана медицина кызматкерлерине берилет. Ошондой эле жеке медициналык борборлор менен №6 жана №8 үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан акы төлөө жолу менен эмдөөдөн өтүүгө болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика