Шарабидин Токтосунов: “Садырдын келинчеги акчаңыз жок, алдыңкы тизмеге акчалуулар кирет деди”

(Текстти өзгөртпөй беребиз)

Урматтуу кыргыз элим мен сиздердин алдыңыздарда ийилип таазим кыламын. Айтпай эле коёюн дедим эле айтканга мажбур кылып жатасыздар. Анткени мени туура кылдың колдойбуз дегендерда, туура эмес кылдың дегендер да болуп жатат. Мен Садыр Жапаровду 12 жылдан бери билем. Биринчи 4 жылда анча мынча укугун коргогон болсом. 8 жыл такай укугун коргодум. Бир эле Садыр Жапаровдун эмес, тарапташтарынын, туугандарынын, анын колдоочуларынын укугун коргоп, ар кандай саясый чогулуштарда, курултайда, Садыр Жапаров саясый туткун экендигин далилдеп келдим. Садыр Жапаровдун 2-инстанциядагы сотуна чейин гонарар алганмын. Бул 2017-жылдын 15- сентябрына чейин. 12 балага бекер кызмат көргөздүм. 2017-жылдын 15-сентябрынан бери бардыгына бекер адвокат болуп иштеп бердим. 2-мартта камалгандардын үчөөнө бекер кызмат көргөздүм. Садыр жана Чындык деген документалдуу китеп чыгарып, ачылышын 50 жылдыгында өткөздүк. Андан кийин ” Тирүү легенда” деген ыр жыйнагын чогулттум. Шайлоо тууралуу эч кимиси мени менен макулдашкан жок. Эмнеге мени списокко киргизбедиңер деп сурасам . Садыр Жапаровдун келинчеги Айгүл Сиздин биз үчүн кылган эмгегиңизди эч качан унутпайбыз. Алдыңкы тизмеге акчалуулар кирип жатат шайлоо акчасыз болбойт экен мен да акча менен кирип жатам . Сиздин акчаңыз жок ошондуктан Сиздин маселеңиз чечилбептир деди. Кантип чыгарасыңар десем Парламентке барып сүйлөшүп чыгарабыз дейт. Мени канчанчы тизмеге коштуңар десем эртеси айтабыз деп 32-тизмеге деп айтышты. Мен сүйлөшүп чыгаруу мыйзамга туура келбейт, депутаттын мыйзам чыг⁹арганга укугу бар мага уруксат берсеңер мен бөлөк партиядан өзүмдүн кандидатурамы коюп Садыр Жапаровду чыгарганга аракет кылайын десем алар макул болушту. Мен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А. Мадумаров менен сүйлөштүм ал С.Жапаров боюнча менин бардык сунуштарымы колдойм деди. Андан тышкары Садыр Жапаровдун мойнун 2 колун кескилегенде дагы саясатчылардан жалгыз Адахан Мадумаров бийлике сүр көргөзүп, Жапаровду коргоп чындыкты айтып чыкты. Мына ошондуктан “Бүтүн Кыргызстан” партиясын тандадым. Менин акчам жок деп айттым. Менден 1 сом акча сураган жок. 1ден 15-тизмеге чейин орун бере турган болду-дейт Шарабидин Токтосунов

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика