Бостери айылында 18 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти

Бостери айылында 18 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-август күнү Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Золотые Пески” пансионатынын аймагында көлгө 2002-жылы туулган өспүрүм чөгүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика