Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 9 киши каза тапты

. Акыркы сутка ичинде Кыргызстан боюнча коронавирустан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Баткен облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1.

Тилекке каршы, каза болгондордун жалпы саны 1460ка жетти.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика