Боронов: Кыргызстанда коронавирус 4,2 млн. адамга жугушу мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий тобу Кыргызстанда канча адамга коронавирус жукканын аныктоо боюнча илимий иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августта онлайн брифинг учурунда айтты.

Анын сөзүнө караганда, калктын канча пайызы ооруга чалдыкканын жана айыкканын адистер атайын ыкма менен жер-жерлерде эсептеп чыга башташты. Боронов мындан тышкары COVID-19 илдети өлкөдө канча кишиге жугушу мүмкүн экенин жарыялады.

«Кыргызстандагы илимий-консультативдик эксперттик кеңештин баштапкы божомолу боюнча, бизде тогуз жашка чейинки балдардын ооруганы дээрлик аз болду. Ошондуктан аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгышы мүмкүн деп 4,2 млн. адамды киргизишти», – деди Кубатбек Боронов.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика