Кыргызстанда дагы 12 оорукана күзүндө күтүлүп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр болот

Кыргызстанда дагы 12 оорукана күзүндө күтүлүп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр болот. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, курулушчулар буга чейин объектилердин пайдубалын түптөп, дубалдарын тургузууга даярданып жатышат.

“Биз күзүндө тогуз медициналык объект даяр болот деп айттык, алардын үчөө жаңы курулуп, алтоосу пайдаланылбай калган имаратты кайрадан өзгөртүү иш чараларын баштаганбыз. Алардын санын 12ге жеткирүүнү чечтик. Бул ооруканалардын бардыгы керектүү нерселер менен камсыздалат. Тактап айтканда, күзгө чейин биз бардык жети облуста, Ош, Бишкек, Чолпон-Ата, Көк-Жаңгак жана Орловка шаарларында объекттерди даярдайбыз”, – деди Кубатбек Боронов.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика