Түркияга кирүү үчүн бир катар жаңы эрежелер орнотулду

Маалыматка ылайык, туристтер Түркияга саякат учурунда анкета толтуруп, анда Түркияда кала турган жайларынын даректери жана өзүнүн байланыш номерлерин көрсөтүшү зарыл.

Бул маалыматтар кийинчерээк, эгерде рейсте королнавируска чалдыккандар аныкталса, алардын жанында учкандарды табуу үчүн ИИМдин базасына киргизилет.

Ошондой эле, Түркияга учуучу рейстерде кол жүгүнө чектөө киргизилген, жалаң аялдардын сумкасы, портфель сыяктуу жеңил буюмдарга гана уруксат берилет. Жүргүнчүлөр жолдо беткапчан болуусу керек, ошондуктан авикомпаниялар саякат учурунда жүргүнчүлөргө тамак берүүдөн баш тартканга туура келген.

Туристтер Түркияга келген соң, алардын деен табы өлчөнөт. Температурасы 37,8 градустан жогору болгон жолоочулар жарым саттан соң кайра өлчөтөт жана дарыгерге көрсөтүлөт. Керектелсе туристтер коронавируска карата акысыз тест (ПРЦ) тапшыра алышат. Эгерде тесттин жыйынтыгында туристте коронавирус аныкталбаса, ал аэропорттон каалаган жагына кете алат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика