Тажикстандын транспорт министри үй-бүлөлүк жаңжалдан улам өз өмүрүнө кол салды

Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода өз өмүрүн кыюуга аракет кылгандан кийин ооруканага жеткирилди.

Башкы прокуратура окуя 11-август күнү эртең менен үй-бүлөлүк жаңжалдан улам болгонун билдирди.

Маалыматта 62 жаштагы Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бычак менен өзүнө кол салганы айтылат.

Уруш чыккан маалда аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрү үйдө болгон, алар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Ушул тапта министр «Истиклол» ооруканасында, ага операция жасалды. Абалы канааттандырарлык.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика