Вашингтондо Ак үйдүн жанында ок атылды

Вашингтондо Ак үйдүн сыртында АКШнын Жашыруун кызматынын офицери бир адамга ок атты. Аталган кызмат маалымдагандай, окуя 10-августта кечки саат 18:00 чамасында болгон.

51 жаштагы адам офицерге жакындап келип, куралы бар экенин айткан жана ок атууга камданган. Ушундан улам Жашыруун кызматтын офицери көкүрөк тушка аткан. Натыйжада ок тийген адам да, офицер да ооруканага жеткирилди. Азырынча алардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.

Окуя президент Дональд Трамп Ак үйдө коронавируска байланыштуу брифинг өткөрө баштаган маалда болду. Күзөт кызматы Трампты кыска убакытка брифинг өтүп жаткан бөлмөдөн чыгарып кетүүгө аргасыз болду. Көп өтпөй президент Трамп кайтып келип, абал көзөмөлдө экенин айтты. Ошондой эле ок атуунун өзүнө тиешеси жок болушу мүмкүн экенин билдирип, офицерлердин аракетин кубаттады.

Жашыруун кызмат окуяда Ак үйдүн комплексине зыян келбегенин, андагы кызматкерлерге коркунуч жок экенин билдирди.

Май айынын соңунда жана июнь айынын башында АКШнын бир нече аймагында өткөн расалык теңсиздикке каршы ири нааразылык акцияларынан улам Ак үйдүн айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика