Бишкек: коомдук транспорттун айдоочуларына 370 миң сом айып салынды

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери шаарда эл ташыган коомдук транспортторду текшерип жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы коронавирус илдетине байланыштуу автоунаалардын ичинде санитайзерлер коюлуп, санитардык тазалык жана аралык сакталышы керектигин билдирди.

1-июндан бери 2 632 маршрутка, автобус жана троллейбус текшерилди. Анын ичинен 217 транспортто санитардык талаптар сакталбаганы үчүн айдоочуларына 370 миң 500 сом айыппул салынды.

Бишкекте коомдук транспорт саат 07:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Автобус, троллейбус жана кичи автобустарга ар бир каттам сайын салонду дезинфекциялап, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө беткап жана медициналык мээлей кийүү милдеттендирилген. Дем алыш күндөрү коомдук транспорт жүрбөйт.

Санитардык эрежелерди сактабагандар айыпка жыгылат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика