Шайлоо-2020: 42 партия шайлоо фондун ачып, айрымдар акчасын сарптай баштады

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 44 саясий партиянын 42и Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аныктаган «РСК Банк» менен «Айыл Банкта» атайын эсеп ачып, шайлоо фонддорун түздү.

БШКнын маалыматына караганда, 7-августка карата 12 партия шайлоо фондуна түшкөн каражат жана аны сарптаганы боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебине үч млн. 35 миң сом салынып, эки млн. 718 миң сому коротулду. «Социал-демократтар» партиясынын шайлоо фондуна бир млн. 703 миң сом түшүп, бир млн. 544 миң сому сарпталды. «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» 200 сому бар.

«Бир Болдун» капчыгына 9 млн. 676 миң сом салынып, партия анын 5 млн. 269 миң сомун коротту. «Республика» партиясынын эсебине 800 миң сом түшсө, 120 миң сому коротулду. «Биримдиктин» шайлоо фондуна 200 миң сом которулуп, анын 80 миңи сарпталды.

«Чоң казат» партиясынын шайлоо фондунда 375 миң сом, «Мекенчил» партиясында 11 миң 500 сом, «Ата Мекен» партиясында 2 млн. сомго жакын акча, «Реформа» партиясында 348 миң сом, «Кыргызстандыкында» 10 млн. сом, «Ордо» партиясынынын эсебинде 200 миң сом бар.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика