Өткөн суткада 263 бейтап коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 263 адам сакайды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 14;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 63;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 8;
  • Ысык-Көл облусу – 55;
  • Жалал-Абад облусу – 32;
  • Баткен облусу – 13;
  • Ош шаары – 24.

Жалпылап алганда, Кыргызстанда 33 027 адам коронавирусту жеңди.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика