Жаңы 304 учур катталды. Кыргызстанда COVID-19 жуккандардын саны 40 миң 759га жетти

Кыргызстанда 12-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 304 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 40 миң 759 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек – 88
  • Ош – 21
  • Чүй облусу – 27
  • Ош облусу – 42
  • Талас облусу – 7
  • Нарын облусу – 11
  • Ысык-Көл облусу – 37
  • Жалал-Абад облусу – 28
  • Баткен облусу – 43

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика