Интерпол аркылуу изделген Түркиянын эки жараны Кыргызстанда кармалды

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын эки жараны Кыргызстанда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Биринчиси 32 жаштагы Ч.О. аттуу жаран. Ал 2011-жылы өспүрүмгө карата сексуалдык зомбулук жана кишини барымтада кармоо беренелери менен айыпталган. Интерпол аркылуу ушул жылдан баштап изделип жаткан.

Экинчиси 62 жашта, Түркияда дайынсыз жоголуп кеткен адам катары 2010-жылдан бери изделип келген.

“Алдын ала маалыматтарга караганда, бул киши Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап жүргөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эки учур боюнча тең издеп жаткан тарапка маалымат берилип, мындан аркы кадамдар күтүлүүдө.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика