Бишкектеги «Семетей» госпиталы жабылды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус менен ооруган акыркы сегиз бейтап 13-августта госпиталдан сакайып чыкты.

Мурдагы транзиттик «Ганси» базасында ачылган «Семетей» госпиталы 47 күн иштеп, бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланды.

Ушул тапта госпитал күз-кыш мезгилдерине жана коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдалып жатат. Анда кошумча шарттар каралып, лаборатория түзүү пландалууда.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды уюштуруп, бейтаптарды тейледи.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика