Чолпон-Атада 19 жаштагы бала сууга чөгүп каза болду

Кечээ, 13-августта Чолпон-Ата шаарында көлгө 19 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык саат 15:55 чамасында болгон. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика