Саясий партиялар үчүн коомдук диалог уюштурулат

14- августта Бишкекте “Шайлоонун калыстыгы жана аныктыгы – ишеним менен туруктулуулуктун кепилдиги!” деген аталышта коомдук талкуу өтөт.

Иш-чарада парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын каржы фондунун ачыктыгы, талапкерлердин тизмеси жана башка маанилүү маселелер боюнча талкуу болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады.

Талкууну ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Борбордук шайлоо комиссиясы менен чогуу өткөрөт.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган.

Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен үч партия түрдүү себептер менен жарыштан четтетилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика