Ырчы Бактыгүл Бадыева ыраазычылык каты менен сыйланды

Ырчы Бактыгүл Бадыева коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө кошкон салымы үчүн Октябрь райондук администрациясынын ыраазычылык каты менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ырчыга ыраазычылык катты Октябрь районунун акими Азамат Дороев тапшырган.

“Илдет менен күрөшүүдө кошкон салымыбыз үчүн берилген ыраазычылык каты кубандырбай койбойт”, – деп жазган ырчы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика