Бишкекте 78 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүнөн табылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунда 78 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-август күнү саат 13:40та ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары 7-кичи районунда жайгашкан батирдин бекилип калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен аял кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика