COVID-19: Кыргызстанда соңку суткада дагы 73 кишиден коронавирус табылды

Кыргызстанда 16-сентябрга карата 73 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 072 кишиге жетти. Алардын 41 210 сакайып, 1063 жашоо менен кош айтышты.

Кырдаал Баткен облусунда башка аймактарга салыштырмалуу курч болуп турат. Соңку суткада илдет жуккандардын ичинен жетөө – медицина кызматкери, баары Баткенде иштешет.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3181 учур катталды, алардын ичинен 2729 медкызматкер айыгып, жетимиштен ашууну көз жумду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика