Баткенде дарыгерлер COVID-19га чалдыккандарды үйүнөн көзөмөлдөйт

“Чек арасыз дарыгерлер” долбоору Баткен жана Чүй облустарында коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова аталган долбоордун өкүлдөрү менен жолуккан.

Анда коронавирус илдетине кабылгандарды үйүнөн көзөмөлдөө долбоору Баткен жана Чүй облустарында ишке ашырылары белгиленген.

“Долбоорго Баткен облусунан пилоттук аймак катары Кадамжай району тандалып алынган. Бул демилгени ишке ашырууда эл аралык тажрыйбасы бар дарыгерлер жана атайын эксперттер тартылып, илдет менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүлөрү күтүлүүдө”, — деп айтылат билдирүүдө.

Долбоор октябрь айынан ишке киргизилет. Анын мөөнөтү, бюджети айтылган эмес.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика