COVID-19: Кыргызстанда соңку суткада дагы 81 кишиден коронавирус табылды

Кыргызстанда 17-сентябрга карата 81 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок.

Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45153 кишиге жетти. Алардын 41 317и сакайып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 16-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 29 миллион 764 миңден ашты. Алардын 939 миң 500гө жакыны көз жумду, 20 миллиондон көбү айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер – АКШ, Индия, Бразилия, Орусия.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары 18-мартта аныкталган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика