Кой-Таш окуясы: Фархат Баабиевдин адвокаты судья Марат Сыдыковду жоопко тартууну талап кылууда

16-сентябрда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Фархат Баабиевдин адвокаты Бакытбек Шамбетов сот отурумуна төрагалык кылган Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун үстүнөн Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына даттанды. Бул тууралуу дагы бир айыпталуучу Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындгы баракчасы аркылуу билдири.

Адвокат Бакытбек Шамбетов судья Марат Сыдыков Кылмыш-процессуалдык кодексин бузуп, айыпталуучунун (Фархат Баабиев) УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкерине суроо берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканын айтат. Адвокат судья негизсиз жана бир тараптуу чечим чыгаргандыгын белгилеп, Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынан Марат Сыдыковду жоопко тартууну жана процесстен четтетүүнү суранат.

Белгилей кетсек, бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча сотто айыпталуучулардын бардыгы сот залынан чыгарылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика