Боронов: үч айга жете турган дары-дармек бар

Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып Кыргызстанда ушу тапта зарыл медикаменттердин үч айга жете турган көлөмү бар экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 19-сентябрда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

«COVID-19дун экинчи толкуну болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбашы үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», – деди Боронов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилгени айтылат. Боронов ошондой эле COVID-19га каршы вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү күчөтүү керектигин тапшырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика